Органикалык айыл чарба: Нарындык фермерлер жаңы ыкмаларды өздөштүрүүдө
Нарын облусунун Ат-Башы районунда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө арналган окуу-семинар өткөрүлдү. Иш-чарага органикалык продукция өндүргөн дыйкан-фермерлер катышып, сертификаттоо талаптары жана заманбап агротехнологиялар боюнча билим алышты.
Семинар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду. Ал Президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана 2030-жылга чейин органикалык айдоо аянттарын үч эсеге көбөйтүү боюнча коюлган милдеттерин ишке ашыруунун алкагында өттү.
Окутууда фермерлерге «Катышуу аркылуу кепилдик берүү системасы (PGS)» боюнча органикалык продукцияны сертификаттоонун тартиби, документтерди даярдоо жолдору жана талаптары түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, катышуучулар 2026-жылдын 25–27-сентябрында Бишкекте өтө турган органикалык продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Семинардын практикалык бөлүгүндө демонстрациялык аянт уюштурулуп, ата мекендик өндүрүштө чыгарылган биофунгицид – триходерминди органикалык чарбада колдонуу жолу көрсөтүлдү. Адистер агродрондун жардамы менен биокаражаттарды чачуунун ыкмаларын практикалык түрдө көрсөтүп беришти.
Министрликтен белгилешкендей, мындай окуулар фермерлердин билим деңгээлин жогорулатууга, органикалык өндүрүштү кеңейтүүгө жана өлкөдө экологиялык таза продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.