Орловкадагы лыжа базасындагы окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164

Интернет булактарында тараган Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы лыжа базасынын асма жолунда электр энергиясы өчкөнү тууралуу маалыматтан кийин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы жеринде текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурда резервдик дизелдик генератор ишке киргенге чейин асма жолдун иши убактылуу токтотулганы аныкталган.

Аталган факты боюнча лыжа базасын иштеткен «Энтузиаст» ЖЧКсына 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X