Ормуз кысыгында 1500гө жакын кеме өтүүгө уруксат күтүп турат
Ормуз кысыгы аймагында болжол менен 1500 танкер жана жүк ташуучу кеме өтүүгө уруксат күтүп турат. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кемелер Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тарабынан берилүүчү уруксатты күтүп жатышат.
Ошондой эле, Ирандын аскер-деңиз күчтөрү аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында жогорку даярдык абалына өткөрүлгөнү кабарланды. Өлкөнүн күч түзүмдөрү Перс булуңундагы кырдаалга тыкыр көз салып, көзөмөлдү күчөткөнү белгиленди.
Адистердин айтымында, дүйнөлүк мунай ташууларынын маанилүү бөлүгү өтүүчү Ормуз кысыгындагы чыңалуунун күчөшү эл аралык энергетикалык рынокко түздөн-түз таасир этүүдө.