Орок айылында унаалардан чыккан зыяндуу заттар текшерилди

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 74

Бишкектин Орок айылында унаалардан атмосферага чыккан зыяндуу заттарды текшерүү боюнча рейд өттү. Иш-чараны Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрдү.

Текшерүү учурунда бир катар унаалардан чыккан зыяндуу заттар белгиленген ченемден ашканы аныкталды.Нет описания фото.

Жыйынтыгында 3 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом айып пул салынды.

Экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жана абанын булганышын алдын алуу боюнча рейддер мындан ары да улантылат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X