Орозбек СЫДЫКОВ, КРнын Юстиция министринин орун басары: «ЭКСПЕРТИЗА – ЧЫНДЫКТЫ ТАБАТ, МЕДИАЦИЯ – ЧЫРДЫ ТОКТОТОТ»

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 25

Адилет коом күчтүү илимге, так далилге жана акылга таянган чечимге муктаж. Санарип доорунда кылмыш да, талаш-тартыш да өзгөрдү. Ушул шартта Кыргызстанда соттук экспертизанын сапатын көтөрүү, жаңы технологиялык коркунучтарга каршы адистерди даярдоо жана талаш-тартыш чырларды сотко жеткирбей медиаторлор  аркылуу чечүү багытында олуттуу реформалар жүрүүдө. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков экспертиза – чындыкты табуунун илимий куралы, ал эми медиация – коомдогу ынтымакты сактоонун тынч жолу экенин айтты.

– Орозбек Кадырбекович, мамлекеттик эмес соттук эксперттердин алгачкы жыйынын өткөрдүңөр. Бул жөн гана жыйынбы же тарыхый чечимби?

– Бул формалдуу жыйын эмес. Бул – системаны өзгөрткөн кадам. 20-февралда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес соттук эксперттеринин алгачкы уюштуруу курултайын өткөрдүк. Мунун укуктук негизи – 2025-жылы кабыл алынган “Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамдагы өзгөртүүлөр болду. Мурда жеке эксперттер өз алдынча иштеп келишкен. Эми милдеттүү түрдө бирдиктүү Палатанын алдында иш алып барышат. Бул тартипти, стандартты, жоопкерчиликти бекемдейт. Мындан тышкары мыйзам чет өлкөлүк эксперттерге Кыргызстанда иштөөгө мүмкүнчүлүк берди. Бул – атаандаштыкты күчөтүп, сапатты жогорулатып, жаңы технологияны өнүктүрөт. Мамлекеттик эмес соттук эксперттердин уюштуруу курултайында башкаруу органдары шайланып, атайын окуу борборун түзүү каралды. Ал жерде стажировка, квалификацияны жогорулатуу, илимден алыстап кеткен адистерди кайра даярдоо системалуу жүрөт. Экспертиза – бул илим менен техниканын өнүгүү жолунда болуусу шарт. Эгер эксперт артта калса, кылмышкер алдыга озот.

– Экспертизанын канча түрү бар жана Кыргызстанда алардын канчасы  жасалат?

– Экспертизанын 60тан ашык түрү бар. Анын 45ке жакыны Кыргызстанда жүргүзүлөт. Калганына  техникалык мүмкүнчүлүктөр жана адистер жетишсиз болуп жатат. Экспертиза – бул жөн гана корутунду эмес, илимий изилдөөгө негизделген процесс. Азыр санарип маалыматтарды текшерүү, жасалма интеллект аркылуу жасалган  алдамчылыктар сыяктуу жаңы чакырыктар пайда болду. Телефон, компьютер, электрондук капчыктагы маалыматтар да далил болуп калды. Бирок ошол далилди илимий негизде туура чечмелей албасак, адилеттикке доо кетет. Ошондуктан адистерди даярдоо иши күчөтүлүп жатат. Түркияга эксперттерди окууга жөнөтүү боюнча кайрылуулар жасалды, ошондой эле чет өлкөлүк адистерди тартып, дүйнөлүк илимдин деңгээлинен артта калбоого аракет көрүлүүдө. Себеби, кылмыш дүйнөсү да технология менен илимди колдонуп жаткандыгы талашсыз. Мамлекет да ошол процесстен бир кадам алдыда болушу зарыл.

– Эксперттик кесип кандай билимди жана адистикти талап кылат?

– Экспертиза тармагы ар тараптуу жана терең билимди талап кылат. Бул кесипте автотехникалык, жол-курулуш, лингвистикалык, жардыруучу заттарды изилдөө, баалуу таштарды аныктоо, сүрөт искусствосу, кол жазма жана кол тамганы текшерүү, радиотолкундарды анализдөө, бухгалтердик жана экономикалык эсептерди баалоо, парфюмериялык жана электр-физикалык жана башка багыттар боюнча адистер керек. Ошондой эле эксперт болуу үчүн жогорку билим гана эмес, аналитикалык ой жүгүртүү, тактык, калыстык жана илимий методдор менен иштөө жөндөмү талап кылынат. Эксперттин негизги милдети – жеке пикир эмес, илимий негизделген корутунду берүү. Анткени, эксперттик иш – бул жөн гана кесип эмес, чындыкты илимий жол менен табуунун ишенимдүү куралы. Жаштарды илимге кызыктыруу  бүгүнкү күндүн талабы.

– 14-мартта медиаторлордун курултайын өткөрүү пландалып жаткан экен.  Эмне үчүн медиация  зарыл болуп калды?

– Бүгүн соттордо иш жүктөм оор. Талаш көбөйдү. Адамдарга данакерлик керек. Бирок, ар бир талаш сотко жетиши шарт эмес. Медиация – бул чырды сотсуз, бейтарап калыстык менен чечүү механизми. Бизде 300дөй медиатор бар. 14-мартта уюштуруу курултайын өткөрүп, медиаторлордун Палатасын түзөбүз. Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандан конокторду чакырып, масштабдуу өткөрүүнү көздөп жатабыз. Медиатор – бул мыйзам менен салттын ортосундагы көпүрө. Кыргыз коомунда илгертен аксакалдар, калыстар чырды ушинтип чечкен. Биз ошол институтту заманбап формага салып жатабыз.

– Эл медиаторлорго ишенеби? “Баары бир сотко барабыз” деген түшүнүк күчтүү эмеспи?

– Башында ишеним жаратуу кыйын болот. Бирок  дүйнөлүк  тажрыйба көрсөткөндөй, медиация сотко караганда ылдам, арзан болуп  мамилени сактап калууга шарт түзөт. Мисалы, мурас  талашы. Мыйзам боюнча уул-кыз  тең укуктуу. Бирок салт боюнча кенже уулуна калат деген түшүнүк бар. Мына ушул жерде медиатор мыйзам менен салтты кагыштырбай, ортолук чечим табат. Кээде адамдар мүлк  үчүн эмес, сый үчүн урушат. “Мени эсепке албай коюшту” деген таарыныч чоң конфликтке айланат. Медиатор ошол эмоцияны жумшартып, эки тарапты сүйлөштүрөт. Бизнес чөйрөсүндө да медиация маанилүү. Сотко кайрылсаң – эсепке арест коюлат, мүлк токтотулат. Ал эми медиацияда ымала табылса, бизнес  токтобойт. Эл аралык деңгээлде Сингапур конвенциясы бар. Биз да ошол багытта иш алып барууну максат кылып жатабыз.

– Медиатор болуу үчүн сөзсүз юрист болуш керекпи?

– Жок. Милдеттүү түрдө юридикалык билим талап кылынбайт. Жогорку билим жетиштүү. 80 сааттык  атайын окуудан өтүп, сертификат  алышы керек. Бул жерде эң негизгиси – руханий даярдык. Ар ким эле медиатор боло албайт.  Анткени, бул кесипке ички дүйнө, сабыр, калыстык керек. Медиатор бир тарапты коргобойт.  Экөөнүн тең маселесин угуп, эки тарап тең ынана турган орток пикир табат. Тагыраагы,  жараштырат. Бир талашка бир медиатор берилет. Чечимге кол коюлуп, нотариалдык күбөлөндүрүүдөн өтсө, чечим аткаруу барагынын күчүнө ээ болот.

– Алардын акысы кандай болот? Бул бизнеске айланып кетпейби?

– Тарифтер Палата тарабынан бекитилет. Эки тарап макулдашып төлөйт. Бул коммерциялык жарыш эмес. Бул – коомдук ынтымакты сактоо миссиясы. Эгер бул кесип макам үчүн гана берилсе, ал коомдо ордун таппай калат. Ошондуктан биз сапатка, принципке басым жасап жатабыз.

– Акыркы суроом болсун. Сот биринчи жаралганбы же медиаторбу?

– Түркиянын Жогорку Сотунда талкууда ушул суроо көтөрүлдү. Мен медиатор биринчи жаралган деп бышыктадым. Алгачкы коомдо адамдар чырды сүйлөшүү менен чечкен. Кийин мамлекеттик институттар калыптанганда сот системасы түзүлгөн. Демек, медиация – биздин нарк-насилибизге жат эмес. Биз аны заманбап формада кайтарып жатабыз.

Чынайым Кутманалиева

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X