Орозо айтта коопсуздукту камсыздоо күчөтүлөт
Ички иштер министрлиги Орозо айт майрамында өлкө боюнча коомдук тартипти 10 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздай турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-мартта белгилене турган майрам күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурат.
Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт.
Айт намазынын программасы (КМДБнын маалыматы боюнча):
07:30-08:00-Баяндар айтылат;
08:00-08:25-имам-хатибдердин жана мамлекеттик ишмерлердин куттуктоолору;
08:25- 08:30-Айт намазын окуунун эрежелерин түшүндүрүү;
08:30-08:50-Айт намазын окуу.