Орозо айы: 6 миңден ашуун жаранга ооз ачар уюштурулат

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

2026-жылдын 20-февралында Бишкек шаарында “Рамазан чатыры” аттуу социалдык долбоор өз ишин баштайт. Ал Ыйык Орозо айынын алкагында уюштурулат жана 6 миңден ашуун адамды кабыл алуу пландалууда.

Маалыматта айтылгандай, “Рамазан чатыры” — Кыргызстандагы уникалдуу социалдык демилге. Ал 10 жылдан бери ОБФ “Аль-Умма” коомдук кайрымдуулук фонду жана кайдыгер эмес жарандардын колдоосу менен ишке ашырылып келет. Долбоордун негизги максаты — турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга көңүл буруу, алар үчүн майрамдык маанай түзүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү.

Долбоордун алкагында Рамазан айынын ар бир күнү ооз ачуу кечелери уюштурулуп, маданий программалар менен коштолот. Иш-чараларга негизинен жетим балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер жана кароосуз калган улгайган жарандар чакырылат.

Уюштуруучулардын айтымында, “Рамазан чатыры” коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, эл аралык жана жергиликтүү маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып келет.

Эске салсак, 2024-жылы долбоордун алкагында Кыргызстанга түрк ашпозчусу GZN Burak келип, кайрымдуулук иш-чараларына катышкан. Ал эми 2025-жылы ардактуу конок катары Түштүк Кореядан келген инфлюенсер Daud Kim катышкан.

Маалымат үчүн байланыш телефону: 0707 33 53 69.

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X