Орозо айында «Манас» университетинде бир катар иш-чаралар өтөт

20-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11

Кыргыз-Түрк “Манас” университети ыйык Рамазан айына карата бир катар руханий, маданий жана социалдык иш-чараларды уюштурууда.

Маалыматка ылайык, Орозодо “Манас” радиосу жана “Манас” телеканалы аркылуу атайын берүүлөр даярдалат. Анда орозонун мааниси, кайрымдуулук, сабырдуулук, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана коомдогу тилектештик тууралуу темалар талкууланат. Ошондой эле Кадыр түнгө арналган берүүлөр көрсөтүлөт.

Университет маданият жана искусство багытында ачык асман алдында концерттик программалар, улуттук оюндар, театралдык көрсөтүүлөр жана руханий музыкалык кечелерди уюштурат. Ошондой эле муктаж үй-бүлөлөргө рамазан баштыктары таратылат. Мындан тышкары, аялдар үчүн куран окуу сабактары, мукабала программалары жана илимий жыйындар өткөрүлөт.

Рамазан айында студенттер үчүн күн сайын акысыз ооз ачуу уюштурулат. Ошондой эле жетим балдар үйлөрүндө жана карылар жайларында ооз ачыруу пландалган.

20-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X