Орозо айынын биринчи жумасында ооз ачуу баштыгы таратылат

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 17

Бишкекте борбор калаанын тургундары жана айдоочулары үчүн «Ифтар биз менен өткөр» акциясы өтүп, анын жүрүшүндө 150 таңгак тамак-аш таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Мусулмандардын Дин Башкармалыгы Тойбосс жана Салих компаниялары менен биргеликте акция орозонун алгачкы күнү Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинен өткөн. Ага ИМБКнын басма сөз кызматынын башчысы Максат Атабаев жана ДИБМКнын ажы-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев катышты.
«Биз жолуккан шаардыктардын жана айдоочулардын көпчүлүгү өз кызматтарын аркалап жатышат», — деди Максат Атабаев. — Алар аябай ыраазы болушуп, ооз ачууга убактыбыз жок деген адамдарга күтүлбөгөн белек тартууладык. Акция күн сайын борбордун ири көчөлөрүндө өткөрүлөт. Акциянын максаты – ооз ачууга убактысы жокторго мүмкүнчүлүк берүү жана шаардыктарга майрамдык маанай тартуулоо. 1000 пакетти ыйык айдын биринчи жумасынын жума күнү таратууну пландалууда.

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X