Орозо кармагандар коронавируска каршы эмделсе болобу?
Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы орозо маалында коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө тыюу салбайт. Бул тууралуу муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу Sputnik басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү ар бир жарандын өз эрки болушу керек. Эгер эмдөө орозо айына туура келсе эч нерсе болбойт.
Муфтият, эмдөөдөн өтүү чечимин ар бир жаран өзү вакцина жөнүндө маалыматтар менен кеңири таанышкандан кийин кабыл алуусу керек деп эсептейт.