Орозодо кантип туура тамактануу керек?

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 45

Саарлыкта туура тамактаныңыз:
Ооз бекитүү учурунда суудан баштоо керек. Эттүү тамактарды жебей эле койгон туура. Бир кесим эт жесеңиз, ал адам денесинен 40 суткада чыгат. Мындан улам, эртең менен суюк тамак ичкен туура. Адамдын денеси бир калыпка түшүш үчүн 72 саатты талап кылат.
Оор тамак жегенден 1-2 сааттан кийин организм суюктукту — суу же чайды талап кылат. Оозубуз бек болгону үчүн аны ичпей, ашказанды кыйнап коёбуз. Ошондуктан, эртең менен жеңил тамактанганыңыз туура.
Чаңкабайын десеңиз…
Орозодогу негизги көйгөй – суусоо. Адам мындай көйгөйгө кабылбоосу үчүн денеде суунун өлчөмү көп болуп, ченем сакталышы керек. Ошон үчүн Орозо учурунда суюк тамактарга, жашылча-жемиштерге көбүрөөк басым жасашыбыз керек. Себеби, бул азыктардын курамында суу көп болот.
Ооз ачканда…
Оозду суу жана салаттар менен ачкан жакшыраак. Жер-жемиш азыктарынын баары эле суудан турат. Ооз ачууда көбү чыныдагы сууну ууртап эле коюшат. Ошону толугу менен ичкен оң. Адам бир канча саат ачка жүргөндүктөн организмде суунун көлөмү азаят. Суу ичкенден кийин тамакты 20-30 мүнөт өткөрүп жеш керек. Ашказаныбыздын көлөмү 3 литр болот, тагыраагы ошончо тамак батат. Биз ал көлөмдүн 3/1ине эле тамак менен толтурушубуз керек. Эгер 1 литрдик тамак жесек, ал 2 саатта сиңет. Ашказанды көпчүлүгүбүз сиңирүү функцияны аткарат деп ойлойбуз. Бирок ал — тегирмен сыяктуу тамакты майдалап эле берет. Тамак ичегиге барып сиңет. Муздак эмес, жылуураак суу ичкенге аракет кылыңыз. Оозду ачууда жана жабууда майлуу, камыр, таттуу, туздуу, эт азыктарын ченеми менен жеңиз.
Ал эми ооз ачкан маалда да бул эреже сакталганы оң. Азан айтылары менен эле дароо ашказанды толтуруп жеп алуу — туура эмес. Даамдын бир бөлүгүн жеп, таравих намазына барып келген соң, же 2 сааттан кийин дагы кошумча жеп койсо болот.
Түнкүсүн ашказан эс алышы керек:
Түнкүсүн өзүбүз эс алгандай эле, биздин ашказан да эс алышы керек. Бирок биз тескерисинче кечки 10до сый тамакты жеп, 11де жатып алабыз. Саарлыкта да жеңил тамак сунушталат. Айрымдар ифтарга чейин 16-17 саат орозо кармайм, жакшылап тоюп алышым керек деп ойлошот. Тескерисинче, орозо маалында биз ашказаныбызды оор тамактардан эс алдырганыбыз туура болот. Андыктан, туура тамактанууга өтөлү.

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X