Өрттү алдын алуу — өмүрдү жана мүлктү сактоо
Үстүбүздөгү 2026-жылдын 8 айынын ичинде Свердлов району боюнча 92 өрт кырсыгы катталып, өрттөн чыккан чыгым 41311501 сомду түздү. Тилекке каршы, өрттөн 2 киши каза тапты. Күйүк жараат алгандар жок.
Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана кайдыгерлик мамиле кылуусунан көп учурда өрттүн чыгышынын себептери өзүлөрү болуп калат. Ыргытып ташталган тамекинин калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар. Бузулган меш анчалык деле маанилүү көрүнбөгөнү менен, андан орду толгус кырсыктар болуп өтөт. Үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, ар кандай жаракаттарды алышат. Кээ бир учурларда адамдардын өмүрүн да кошо алып кетет.
Өрттү кантип алдын алууга болот?
Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо керек.
Эсиңизде болсун:
— балдарды кароосуз калтырбаңыз;
— балдардан ширеңке менен ойнобошун айтып эскертиңиз;
— өчүрүлбөгөн тамекинин калдыктарын таштап салбаңыз;
— тиричиликке керектүү электр шаймандарын, теле-радио аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз;
— электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз;
— имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла;
— күйүп турган газ плитасынын үстүнө кургатуу үчүн кир жайбаңыз;
— бузук электр гирляндалары менен балатыны кооздобоңуз;
— чатырларда, жер төлөлөрдө жана тепкич аянтчаларында күйүүчү материалдарды сактабаңыз;
— алыс сапарга кетип жатканда (плиталарды суу жылытуучу колонкаларды, заряддагычтарды) күйгөн боюнча калтырбаңыз;
— жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонуусуна жол бербеңиз;
— өрт кооптуулугу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө учурунда этият болуңуз.
Өрт учурундагы аракеттер:
— өрт жөнүндө үн чыгаруучу сигналдар менен кабарлоо;
— өрт жөнүндө 101 телефону боюнча кабарлоо;
— адамдарды өрттөн сактап, аларга биринчи жардамдарды көрсөтүү;
— колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү;
— материалдык баалуулуктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо.
Өрттү өчүрүүнүн ыкмалары:
— жалындап күйүп жаткан керосин, бензин, газ балонду, жууркан-төшөк менен, бышык кездеме же кийим менен жаап салуу (абаны киргизбөө);
— жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен өчүрүү;
— күйүп жаткан эмеректерди жана буюмдарды суу куюу менен өчүрүү.
Өрт пайда болгон учурда токтоосуз түрдө өрткө каршы кызматын чакырып жана алдын ала өрттөнүп жаткан имараттан адамдарды эвакуациялап, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек.
Бул нускамада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо – Сиздин турак жайыңызды жана мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт.
Эскертмени жарыялаган Саматбек уулу Айдарбек,
Бишкек шаардык Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн
улук офицери, капитан