Орунбеков: «Анар-Бак конушундагы эл жашаган үйлөр бузулбайт»

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71

Бишкек шаарындагы Анар-Бак жаңы конушунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча кабыл алынган чечим коомчулукта ар кандай талкууларды жаратты. Айрыкча интернетте кыш чилдеде эл жашап жаткан үйлөр да бузулат экен деген маалыматтар тарап, нааразычылыктар айтылган.

Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков бул маалыматтар Президент Садыр Жапаровго жеткенин, мамлекет башчысы кыш мезгили толук аяктаганга чейин адамдар жашап жаткан турак жайларды бузбоо боюнча тапшырма бергенин билдирди.

«Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий билдирүү жасап, ичинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбай турганын, мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок толук бүтө элек курулуштар, киши жашабаган, имараттар гана алынып, тазаланарын маалымдады. Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт», — деп жазды Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X