Орунбеков кадрдык алмашуулар тууралуу маалыматтар жалган экенин айтты
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Бир катар маалымат сайттарда Эдиль Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фондунун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан алынып, анын ордуна Канат Асангулов дайындалыптыр деген маалыматтар тарап жатат. Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт, жогорудагы аты аталган жетекчилерге байланышкан кадрдык чечимдер кабыл алынган эместигин билдиребиз», – деп жазды Орунбеков.

