Орунбеков: «Өлкөбүзгө келген меймандардын саны жылдан-жылга өсүүдө»

Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Кыргызстандын табиятын көрүүгө келген коноктордун саны жылдан-жылга артып жатканын билдирип, аларга меймандос эл катары сый мамиле кылууга чакырды.

«Кыргызстанда жаңы туристтик жайлар курулуп, өлкөбүзгө келген меймандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Айрыкча тоо туризми жана берметибиз болгон Ысык-Көлүбүзгө кызыккандар көп. Биз меймандос эл катары келген конокторду сый-урмат менен тосуп алып, жакшы маанай менен узатканга аракет кылышыбыз керек.
Тилекке каршы, айрым учурларда “эптеп эле акчасын алып калалы” деген одоно мамилелер дагы кездешет. Мындай көрүнүштөр интернет аркылуу бат тарап, бүтүндөй Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Президентибиз туризм багыты боюнча тиешелүү органдарга дайым багыт берип келет. Келген меймандарга орой же басым кылган учур катталса, андай окуяларга укук коргоо органдары ыкчам жана катаал чараларды көрөт. Ошондуктан туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүп, ар бир конокко аяр жана маданияттуу мамиле кылууга чакырабыз. Өлкөнүн аброю ар бирибиздин мамилебизден башталат», — деп жазды Орунбеков.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X