Орунтаев Оштогу өнөр жай долбоорлорунун аткарылышын көзөмөлдөдү
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында “100 өнөр жай ишканасы – 2026” программасына кирген инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткан ишкерлер менен жолугушту.
Жыйында долбоорлордун аткарылышы, курулуштун жүрүшү, уруксат документтери, жер жана инженердик инфраструктура маселелери каралды. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга көйгөйлөрдү ыкчам чечип, ишканаларды белгиленген мөөнөттө ишке киргизүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.