"Эркин-Тоо"

Орусия коронавируска каршы дагы бир вакцина жасап чыкты

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасын каттоодон өткөрүү үчүн документтерди даярдады. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы билдирди.
«Спутник Лайт» жаңы вакцинасы буга чейин өндүрүлгөн «Спутник V» топтомуна кирет. Ал Гамалея борбору менен Орусиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) тарабынан иштелип чыккан. Учурда клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп жатат.
РФПИнин төрагасы Кирилл Дмитриевдин айтымында, «Спутник Лайт» оору күч алган тышкы өлкөлөргө багытталат. Гамалея борборунун директору Александр Гинтсбург бул вакцина илдеттин күчүн азайтарын, ошол эле учурда эмдөөдөн кийин иммунитет 3-4 айга чейин коргоодо болуп, натыйжалуулугу 85% ды түзөрүн жана эмделген адам коронавируска чалдыкса, оору жеңил өтөрүн маалымдады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!