Орусияда 10 кыргызстандыктын айлыгы төлөнбөй калган: 1,8 млн рубль өндүрүлдү

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106

Орусияда иштеген 10 кыргызстандык бир нече убакыттан бери эмгек акысын ала албай жүргөн. Алардын кайрылуусунан кийин 1 млн 872 миң рубль өлчөмүндөгү карыз толугу менен төлөндү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, жарандар «УМК» ЖЧКсы эмгек акысын төлөбөй жатканын айтып, өкүлчүлүккө жамааттык кайрылышкан.

Өкүлчүлүк иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени сотко чейинки тартипте чечүүгө аракет көргөн.

Натыйжада 30-сентябрда 10 кыргызстандыкка эмгек акы боюнча карыз төлөнүп, жалпы сумма 1 млн 872 миң рублди түзгөн.

Өкүлчүлүк Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын эмгек укуктарын коргоо жана эмгек талаштарын мыйзам чегинде чечүүгө көмөктөшүү иштерин улантарын билдирди.

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X