Орусияда нике депортациядан сактап калбайт

23-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 248

Орусиянын жараны менен никеге туруу депортациядан автоматтык түрдө куткарбайт. Юрист Зара Горбушинанын айтымында, Жогорку сот үй-бүлөлүк байланыштар өлкөдөн чыгаруу чечимин жокко чыгарууга негиз болбой турганын белгилеген.

Ал ошондой эле депортация тууралуу чечим никеге чейин чыккан болсо, кийин түзүлгөн үй-бүлө аны өзгөртө албасын айтты. Юрист жасалма никелер үчүн жоопкерчилик күчөп жатканын да эскертти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X