Орусиянын Керектөөчүлөрдү көзөмөлдөө кызматы тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган талаптар коюлду. Анын негизинде, Орусияга бара жаткан ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар дагы «COVID-19суз саякаттоо» тиркемесинде ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын тастыкташы керек.
Транспорт жана жолдор министрлигинин билдирүүсүндө, мындай эреже бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү.
Эреженин негизинде аткарыла турган талаптар:
• «COVID-19суз саякаттоо» мобилдик тиркемесин смартфонуңузга AppStore же Google Playден жүктөңүз.
• Тиркемеде сунушталган тизмеден жакынкы лабораторияны тандаңыз, жолугушуу саатын белгилеп, паспортуңуз менен лабораторияга келиңиз.
• Лабораторияда анкета толтуруңуз. Мобилдик тиркеме орнотулган телефон номерин көрсөтүп, тесттен өтүңүз.
• Арызда көрсөтүлгөн QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерден өткөрүнүз.
• Учуудан мурун тесттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын мобилдик тиркемеде бар экенин жана тесттин жыйынтыгынын мөөнөтү жарактуу экенин текшериңиз (ПЧР тесттин жыйынтыгы 72 саатка жарактуу болушу керек).
• Учакка отурганда уюлдук телефонуңуздан тиркеме аркылуу QR-кодун көрсөтүңүз.
Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.