ОРВИ менен сасык тумоо күч алууда: Ооругандардын басымдуу бөлүгү балдар
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө. Ооругандардын дээрлик 70 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысованын айтымында, 19–25-октябрь күндөрүн камтыган жылдын 43-жумасында ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 15,7 пайызга көбөйгөн.
Ошол эле учурда ооругандардын жалпы санынын 69 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөт.