ОСАГО: Бир күндө 3 млн сомдон ашык каражат төлөндү

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11

Бишкек шаарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалы жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү.

Уюмдун маалыматына ылайык, акыркы бир сутканын ичинде жалпы суммасы 3 млн 5 миң 969 сом өлчөмүндө каражат төлөнүп берилген.

Анын ичинен:
— 2 млн 146 миң 252 сом автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча;
— 859 миң 717 сом турак жайды милдеттүү камсыздандыруу алкагында өрт кырсыгынан жабыркаган жарандарга берилген.

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X