«Ош» аэропортундагы учактардын конуусуна киргизилген чектөө алынды

13-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135

 «Ош» аэропортундагы туманга байланыштуу учактардын конуусуна киргизилген чектөө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош шаарындагы аэропортогу убактылуу чектөө саат 10:47де алынды. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу чектөө киргизилген.

13-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X