Ош — Алай жолунда сел жүрүп, алты адам каза болду

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 207

Бүгүн, 24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош — Алай унаа жолунда сел жүрүп, алты адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, сел жеңил автоунааны агызып кеткен. Окуя тууралуу кабар түшкөндөн кийин кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кырсыктан каза болгон алты адамдын сөөгү табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Ошондой эле кырсыктан дагы эки адам жабыркап, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

ӨКМ жарандарды нөшөрлүү жаан-чачын учурунда тоолуу жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарда өзгөчө этият болууга чакырып, аба ырайына байланыштуу шашылыш эскертүүлөрдү так аткарууну сунуштады.

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 207
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X