Ош–Баткен–Раззаков жолу ачык, Кызыл-Булак–Тамаша жолунда селдин кесепеттери жоюлууда
Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун 120–121-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды. Учурда каттам эки багытта тең үзгүлтүксүз камсыздалып, жол кыймылы үчүн ачык.
Ал эми Кызыл-Булак–Тамаша автожолунун 0-чакырымында сел сууларынын кесепетинен болжол менен 200 метр аралыктагы жол бөлүгү жараксыз абалга келген.
Учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №46 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары иштеп, селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Жолдун жабыркаган тилкесинде альтернативдүү каттам уюштурулуп, унаалардын өтүүсү камсыздалды.