Ош, Баткен, Жалал-Абадда айылдарды өнүктүрүүнүн жаңы этабы старт алды
2026-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын расмий ишке киргизүү аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Good Neighbors International эл аралык уюму үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ тараптардын кызматташтыгынын жаңы этабынын башталганын белгиледи.
Ачылыш аземинде долбоордун биринчи фазасынын жыйынтыктары сунушталып, кийинки беш жылга карата негизги максаттар жана иш-чаралар талкууланды.
Долбоордун экинчи фазасы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат. Анын алкагында айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, айыл чарба жана мал чарба тармактарын өнүктүрүү, кайра иштетүү өнөр жайын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү пландалууда.
Белгилей кетсек, долбоордун биринчи фазасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, айылдык инфраструктураны жакшыртуу жана үй чарбаларынын кирешесин көбөйтүү боюнча бир катар натыйжаларга жетишилген.
Адистердин айтымында, долбоордун жаңы этабы аймактардын агроөнөр жай потенциалын чыңдоого, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана айылдык жамааттардын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого көмөк көрсөтөт.