Ош-Бишкек жолунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

23-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 45

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, «Сосновка», «Чычкан» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Мындай чектөө  аба ырайы калыбына келгенге чейин уланат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү байкалууда. Ашууларда жолду тазалоого керектүү техника тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн кум, шагылдар төгүлүүдө.

Ошондуктан айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (тыгын болгон учурда), атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

23-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X