Ош электр тармактары ишканасына жаңы директор дайындалды

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 260

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Ош электр тармактары ишканасын эми Марат Раймалиев жетектейт.

Жаңы жетекчини жамаатка компаниянын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырды.

Марат Раймалиев буга чейин Бишкек электр тармагынын директору болуп иштеген.

Мурдагы директор Тилек Жолдубай уулу өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 260
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X