Ош – Кара-Суу жолу 22 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү болот
Ош – Кара-Суу автожолунун 18,7 чакырымга жакын бөлүгү реконструкцияланып, төрт тилкелүү жолго айландырылууда. Жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет.
Долбоор эл аралык маанидеги транспорттук каттамдагы кыймылды жакшыртууга жана оор жүк ташуучу унаалардын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган.
Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө жалпы калыңдыгы 15 сантиметр болгон эки катмар асфальт төшөлөт. Ошондой эле жолдун эки тарабына туурасы үч метрден болгон тротуарлар жана веложолдор курулат.
Учурда реконструкциялоо иштерине 120 атайын техника жана 150 кызматкер тартылган.
Долбоордун алкагында төрт көпүрө куруу каралган. Алардын үчөө толук бүткөрүлүп, төртүнчүсүндө курулуш иштери уланууда.
Жолду жаңылоо транспорттук өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга жана кыймылдын коопсуздугун жакшыртууга шарт түзөт.