Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган тургундарга 10 күн ичинде турак жай берилет

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 57

Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жай менен камсыздалат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайы бузулган тургундар менен жолугушту.

Мэрдин айтымында, үйү бузулган бир дагы жаран турак жайсыз калбайт.

«Бузулган үйлөрдүн ордуна тургундарга 10 күндүн ичинде Эне-Сай жаңы конушунан үйлөр берилет. Жакынкы күндөрү 20 үй ээсине тапшырылып, андан соң турак жайлар этап-этабы менен берилет», — деди Жанарбек Акаев.

Ошентип, турак жайы бузулган тургундарды жаңы үйлөр менен камсыздоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X