Ош лабораториясы эл аралык аккредитациядан өттү
Бъгън, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC 17025:2017 стандартынын талаптарына ылайыктыгын ийгиликтүү далилдеп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды.
Бул — лаборатория жүргүзгөн сыноолордун сапаты, алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгү жана адистердин техникалык компетенттүүлүгү эл аралык талаптарга жооп берерин тастыктаган маанилүү жетишкендик.
Лабораторияда минералдык, органикалык жана органоминералдык жер семирткичтер, топурак жана суу, ошондой эле өсүмдүк продукциясынын курамындагы пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктары изилденет.
Жаңы аккредитация айыл чарба продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга, лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана өлкөдөгү агрохимиялык көзөмөл системасын мындан ары өркүндөтүүгө жол ачат.
Министрлик азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялык кызматтарды өнүктүрүүгө жана техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда.