Ош мэри 7703 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы менен жолукту

3-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 118

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барып, өздүк курамдын кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы жана материалдык-техникалык базасы менен жеринен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө бөлүктүн командачылыгы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги объектилерди кайтаруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда жана массалык иш-чараларда коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылып жаткан милдеттер тууралуу маалымат берди.

Шаар башчысы казарма, ашкана, медициналык пункт, спорттук аянтча жана жоокерлер пайдаланган башка жайларды кыдырып чыгып, аскер кызматкерлери менен баарлашты. Ал алардын кызмат өтөө жана жашоо шарттарына баа берип, сунуш-пикирлерин укту.

Жолугушууда аскер кызматкерлеринин социалдук-тиричилик шарттарын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана материалдык-техникалык камсыздоону күчөтүү маселелери талкууланды.

Иш сапарынын соңунда Жанарбек Акаев Ички аскерлер өлкөдө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда өзгөчө маанилүү милдетти аркалап жатканын белгилеп, өздүк курамга жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X