Ош мэри «Боорукердик үйүнө» барып, карыларды куттуктады
Бүгүн, 1-октябрда, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Боорукердик үйүнө» барып, мекемеде жашаган улгайган жарандардан кабар алды.
Шаар башчысы карылар менен бирге мэрия уюштурган концерттик программаны көрүп, дасторкон үстүндө баарлашты.
Жанарбек Акаев өз сөзүндө улгайган жарандарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр жана кайраттуулук каалады.
Иш-чаранын алкагында мэриянын атынан карыларга акчалай сыйлыктар жана жеке белектер тапшырылды.
Ошондой эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов да улгайган жарандарды куттуктап, алар ар дайым мамлекеттин камкордугунда болорун белгиледи.
Учурда Ош мэриясынын «Боорукердик үйү» социалдык мекемесинде 30дан ашуун улгайган жаран жашайт.