Ош мэри эки конуштагы иштерди текшерди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кең-Сай жана 218-квартал конуштарындагы инфраструктуралык иштердин жүрүшүн текшерди.
218-кварталда көчөлөрдү жарыктандыруу, электр чубалгыларын тартуу жана электр мамыларын алмаштыруу иштери толук аяктады. Учурда ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн насос орнотулууда.
Мындан тышкары, кварталда фельдшердик-акушердик пункт куруу жана газдаштыруу маселелери кийинки этапка киргизилди.
Ал эми Кең-Сайда Мээркан айылына баруучу жолду жана көпүрөнү куруу боюнча эскиздик долбоор даярдалды. Жакынкы күндөрү курулуш иштери башталат. Ошондой эле ички көчөлөрдү ачуу жана тегиздөө иштери жүрүүдө.
Мэр тиешелүү жетекчилерге бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.