Ош мэри Казакстандын элчиси менен кызматташууну талкуулады

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 85

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту.Возможно, это изображение текст

Жолугушууда Ош шаары менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тарапка пайдалуу демилгелерди колдоо маселелери талкууланды.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Жанарбек Акаев соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында түзүлгөн өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар мындан ары да өз ара байланыштарды активдештирүү боюнча пикир алмашты.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X