Ош–Ноокат жолундагы сапатсыз асфальт боюнча подрядчыга 3 күн мөөнөт берилди

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 110

Социалдык тармактарда тараган видеодон кийин Ош–Ноокат унаа жолунун сапаты боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Ага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу тиешелүү адистер көчмө лаборатория менен катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүнүн 3–4-чакырымындагы жол тилкесинде бир катар кемчиликтер аныкталды. Асфальт-бетон жабындысы текшерилип, лабораториялык анализ үчүн керн үлгүлөрү алынды.

Жыйынтыгында башкы подрядчы – «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө башкармалыгына (ДЭУ-21) акт түзүлүп, талапка жооп бербеген жол тилкесин кайра жасоо боюнча көрсөтмө берилди. Кемчиликтерди жоюуга подрядчыга 3 күн мөөнөт белгиленди.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X