Ош: Нурдан Орунтаев компанияга аймакты калыбына келтирүү үчүн бир жума убакыт берди
Бүгүн, 28-сентябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусунун негизинде Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсү 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында “Алтын Строй Групп” курулуш компаниясына аймакты мурдагы абалына келтирип, бузулган тротуарды оңдоо иштерин бир жуманын ичинде толук бүтүрүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралып, Ош шаардык Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспектору ээлеген кызматынан бошотулуп, башкармалыктын жетекчисине катуу сөгүш жарыяланды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган объект боюнча Курулуш министрлиги өз компетенциясынын чегинде мыйзамда каралган бардык чараларды көргөн.
Алсак, аталган объект 2026-жылдын 7-апрелинде текшерилип, архитектуралык-уруксат берүүчү документтер жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок курулуш жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Мындан улам компанияга 200 000 сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган.
2026-жылдын 22-июнунда жүргүзүлгөн кайра текшерүүдө курулуш объектисине чектеш тротуардын бузулгандыгы аныкталып, компанияга дагы 200 000 сом айып пул салынган.
2026-жылдын 7-июлунда Курулуш министрлигинин атайын түзүлгөн комиссиясынын чечими менен “Алтын Строй Групп” ЖЧКсынын лицензиясы токтотулуп, кара тизмеге киргизилген.
Ал эми тиешелүү материалдар ИИМге, Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.