Ош облусунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 124

Бүгүн, 15-июлга караган түнү саат 00:37де Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Хауз айылынан түштүк-чыгышка карай 2 чакырым, Муркут айылынан түндүккө карай 6 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 54 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Хауз айылында 3,5 балл, Кожо-Арык, Найман, Көк-Жар жана Муркут айылдарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле Керкидан жана Он-Эки-Бел айылдарында 3 баллга жакын, ал эми Марказ жана Борбаш айылдарында 2,5 балл болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар же кыйроолор катталган жок.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 124
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X