Ош облусунда «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» облустук форуму өттү
Кечээ, 12-октябрда Ош шаарында «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» аттуу облустук форум болуп өттү. 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Илимбек Кубанычбеков, Ош облусунун прокурорунун орун басары Эмирбек Алиев, Ош ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Нурланбек Бурканов, Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аксакалдар жана аялдар кеңешинин мүчөлөрү катышышты.
Форумда белгиленгендей, үй-бүлө – мамлекеттин ыйык пайдубалы. Президент Садыр Нургожоевич Жапаров белгилегендей, мамлекеттин күчү жана келечеги ар бир үй-бүлөнүн бекемдигине байланыштуу. 

Ош облусунда бул багытта алгылыктуу иштер аткарылып жатканы менен, аялдар жана балдарга карата зомбулук фактылары дагы деле кездешүүдө. Ошондуктан факт катталгандан кийин чара көрүү эмес, алдын алуу деңгээлине өтүү зарыл.
Зомбулук – бул жеке маселе эмес, бул кылмыш! Ага эч качан жол берилбеши керек.
Жыйынтыгында бардык мамлекеттик жана коомдук түзүмдөр бир муштумга түйүлүп иш алып баруу боюнча макулдашышты.