Ош облусунда Мугалимдер күнүнө карата билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
2-октябрда өткөн иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Облус жетекчиси мугалимдик кесиптин ардактуу жана жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, жаш муунду окутууда жана тарбиялоодо педагогдордун эмгеги өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
Майрамга карата билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаштарды окутууга салым кошкон 32 мугалимге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасы тапшырылды.
Мындан тышкары, көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенген ардагер мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилди.