Ош облусунда жаңы «Исанов» көмөкчордону курулат

17-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 195

Ош облусунда кубаттуулугу 220/110/10 кВ болгон жаңы «Исанов» көмөкчордону курулат. Долбоор өлкөнүн электр тармагынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, келечекте кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясын улуттук системага кеңири интеграциялоого жол ачат.

Долбоор «Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү» (KRED) долбоорунун биринчи фазасынын алкагында ишке ашырылууда. Электр энергиясын берүү системасын күчөтүүгө багытталган компоненттин жалпы каржылоо көлөмү 35,5 млн долларды түзөт.

Долбоордун алкагында «Исанов» көмөкчордонун «Кара-Шоро», «Кара-Кулжа» жана «Каратай» багыттары менен байланыштырган 110 кВ электр берүү линиялары, ошондой эле 220 кВ «Датка–Узловая» линиясына кошулуу каралган.

Жаңы электр берүү линияларынын жалпы узундугу болжол менен 76 чакырымга жетет.

Учурда долбоорлоо жана тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Адистердин баамында, жаңы көмөкчордон өлкөнүн энергетикалык системасындагы өткөрүмдүүлүктү жана туруктуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле ал келечекте жаңы гидроэнергетикалык жана күн электр станцияларын улуттук электр тармагына кошуу үчүн зарыл болгон инфраструктуралык негизди камсыздайт.

«Исанов» көмөкчордону — Кыргызстандын энергетикалык системасын жаңылоого жана жашыл энергетиканын жаңы кубаттуулуктарын кабыл алууга багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X