Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборуна жаңы жетекчи дайындалды
Нурланбек Орозалиев Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери болуп дайындалды.
Орозалиев бул кызматка чейин Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектеп келген.
Ал 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медико-профилактикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тармагында улантып, Чоң-Алай, Баткен, Ноокат, Араван жана Өзгөндөгү борборлордо жетекчилик кызматтарды аркалаган.