Ош шаарында 10 мектеп курулуп жатат

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 10

Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 10 мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы мектептер жана кошумча окуу корпустары шаардагы бир нече аймакта салынып жатат. Алар 375тен 1200гө чейин окуучуга ылайыкталган.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев таанышып чыгып, объекттердин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана иштерди өз мөөнөтүндө бүткөрүү талабын койду.

Белгиленгендей, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 10
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X