Ош шаарында Баткен окуясынын курман болгон жоокерлери эскерилди
Бүгүн, 26-октябрда, Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, Түштүк аймактык Баткен жоокерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы полковник Кайрат Матмусаев, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана курман болгон жоокерлердин жакындары катышты.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө баатырлардын эрдиги эскерилип, эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Ошондой эле курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.
Белгилей кетсек, 26-октябрь 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү катары белгиленген. Бул күндүн максаты — баатырлардын эрдигин даңазалоо, тарыхый мурастарды сактоо, жаштарды аскердик-патриоттук духта тарбиялоо жана аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу.
Маалыматка ылайык, ошол мезгилде куралдуу топторго каршы күрөшүү максатында республиканын ар кайсы аймактарынан 5 миң 800 жаран тартылган. Алардын ичинен 600дөн ашуун аскер кызматкери Ош шаарынан катышкан.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында Баткен окуяларынын 410 ардагери жашайт. Алардын арасында алты майыптыгы бар ардагер болсо, сегиз жоокер бул окуяларда курман болгон.
Баатырлардын эрдиги — элдин эсинде, алардын жаркын элеси кийинки муундар үчүн түбөлүк үлгү болуп кала берет.