Ош шаарында китепканачыларды окутуу тренинги өтүүдө
КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Билим жана илим министрлиги менен биргеликте ЮНИСЕФтин колдоосу астында 13-апрелден тарта Ош шаарында 50 китепкананын китепканачыларын үч күндүк окутуу тренинги өтүүдө. Балдарды өнүктүрүү борборунун базасында балдар менен иштөөнү, аларды китепке тартууну үйрөтүү боюнча бул тренинг Бишкек шаарында 20-22- апрелде өтмөкчү.
Окутуу тренингинде балдарды мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды китеп менен иштөөгө үйрөтүү, гендердик аспектилерди жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана анын жолдору сыяктуу бир катар маселелер камтылган.
Китепканачылар бул күндөрү мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын өзгөчөлүктөрү, балдарга кичине курагында билим берүү, китепканачылардын коомчулук менен иштөөдөгү ролу жана жеткиликтүү билим берүүдө ата-энелердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, кенже курактагы балдар менен иштөө методикасын жана жамаатка түшүндүрүүчүнүн (фасилитатор) милдетин үйрөнүшөт.
Тренингдин максаты – республиканын аймактарындагы китепканачыларга балдарды өнүктүрүүдө мектепке чейинки курактагылар менен иштөөдө методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.
Асел Барыктабасова