Ош шаарында миграциялык абалды тактоо боюнча комиссия ишин баштады

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 146

Ош шаарында ички жана тышкы миграциянын учурдагы абалын тактоо, калктын агымын иретке келтирүү жана эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелерине арналган жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Тышкы иштер министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн, «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик салык кызматынын, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү комиссиянын курамы бекитилип, шаар аймагында жеринде текшерүү жана тактоо иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаралардын негизги максаты – калктын миграциялык абалы тууралуу так маалыматтарды аныктоо, жумуш менен камсыз кылууну жакшыртуу жана эмгек миграциясын натыйжалуу жөнгө салуу болуп саналат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X