Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген топ кармалды

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 152

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Атайын иш-чаралардын натыйжасында 1991-жылы туулган М.Ж.Р. аттуу жаран кармалган. Аны жеке тинтүү учурунда синтетикалык баңгизат табылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз затты сатуу каналы аныкталып, кошумча иш-чаралардын натыйжасында топтун дагы эки мүчөсү — 2006-жылы туулган А.у.К. жана 2005-жылы туулган А.Б.Ш. аттуу жарандар кармалган.Возможно, это изображение утюг и текст "SU E СБНОН МВД"

Кармалгандарга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси — «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда алынган зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Ички иштер органдары синтетикалык баңгизаттар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратарын эскертет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X