Ош шаарында унаа тыгынын азайтуучу жаңы жол курулат
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Раззаков жана Касымбеков көчөлөрүнө чыгуучу кошумча жолдун курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.
Учурда объектте курулуш иштери пландалган графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча жол төрт тилкелүү болуп салынып, анын узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Бул жол пайдаланууга берилгенден кийин аймактагы автоунаа агымын жөнгө салып, жол тыгынын азайтууга жардам берет.
Курулуш аянтчасында шаар башчысы аткарылып жаткан иштердин сапатына көңүл буруп, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле мэр шаардагы мыйзамсыз соода жайлары жана башаламан орнотулган контейнерлер боюнча да кескин пикирин билдирди. Анын айтымында, шаар бийлиги ишкерлерди колдоону улантат, бирок мыйзам талаптары бардык жарандар үчүн бирдей болушу керек.
“Ишкерликке шарт түзөбүз, колдойбуз. Бирок колдоону туура түшүнүү зарыл. Ким каалаган жерге контейнер коюп же башаламан соода жүргүзө берсе, бул шаардагы тартипке терс таасирин тийгизет. Мыйзам бузулган жерде чара көрүлөт”, — деди Жанарбек Акаев.
Шаар мэриясы учурда борбор калаада жол инфраструктурасын жакшыртуу, унаа кыймылын жөнгө салуу жана шаардагы мыйзамсыз объекттерди ирээтке келтирүү иштери улантылып жатканын маалымдады.