Ош шаарында жаңы 148 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 167

Ош шаарында 148 орундуу жаңы мектептин кошумча корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар жана мугалимдер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн шаар мэри Жанарбек Акаев шаар бийлиги балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал жакынкы убакта окуучулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо максатында атайын мектеп автобусу ишке берилерин маалымдады.

Белгилей кетсек, аталган билим берүү мекемеси учурда Ош шаарында курулуп жаткан 17 мектептин бири болуп саналат.

№49 негизги жалпы билим берүүчү мектеп Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан. Жаңы кошумча корпустун пайдаланууга берилиши менен мектептин жалпы сыйымдуулугу 630 окуучуга жетти. Билим берүү мекемесинде окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X