Ош шаарында жарандардын жеке маселелери боюнча кабыл алуу өттү
Бүгүн Ош шаардык мэриясында жарандардын жеке маселелери боюнча кезектеги кабыл алуу уюштурулду.
Кайрылган тургундарды Ош шаарынын мэрдин орун басары Эрнис Толтоев кабыл алып, алардын арыз-муңун укту. Жолугушууга мэриянын аппарат кызматкерлери, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Кабыл алууда жарандар турак жай, жер мунапысы, транспорт, материалдык жардам көрсөтүү жана коммуналдык кызматтарга байланыштуу маселелер боюнча кайрылышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн көйгөйлөр жеринде талкууланып, аларды чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Ар бир кайрылуу каралып, жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө.